www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук телерадио корпорациясынын макамы "улуттук" болуп өзгөргөндөн кийин ар бир кызматкердин маянасына 1000 сомдон кошулат. Бул тууралуу КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев парламентте билдирди.
Учурда телеканалдын макамын жана башка нормаларын өзгөртүү камтылган жаңы мыйзам долбоору каралып жатат.
Иманалиевдин айтымында, мыйзамга ылайык телеканалдын макамы "улуттук" болуп өзгөргөнүнө байланыштуу кызматкерлердин айлык акысы жогорулашы керек.
Депутат Нурлан Шакиев КТРКнын штатындагы 750 кызматкер көптүк кыларын, алардын санын азайтып, журналисттерге көбүрөөк маяна төлөп берүүнү сунуштады.
"Биздин карамагыбызда алты телеканал, үч радио бар. Кызматкерлердин көпчүлүгү техникалык жактан тейлөөчүлөр. Мисалы, бизге канатташ өлкөнүн "Казакстан" телеканалында 2300 адам иштейт. Ал эми бизде 750 кызматкер эмгектенет", — деп жооп берди Иманалиев.
Эгер мыйзам кабыл алынса, бюджеттен кошумча дагы 9 миллион сом керектелет.
Булак: NazarNews.kg