www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Кубанычбек Дүйшеев, Кой-Таштагы окуя боюнча өзүнүн пикирин билдирип, кечээги Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына буйрук берген адамды кыргыз элинин душманы жана Жээнбековго каршы иш-чара деп атады.

--Менин таң калганым, Солтон-Сары окуясы болуп атса, президент Сооронбай Жээнбеков эмгек эргүүсүндө жүрсө, 4 мамлекеттин Өкмөт башчылары Кыргызстанга келип Ысык-Көлдө эл аралык жолугушуулар өтүп жатса, астыда Курман Айт келе жатса, кечээги болгон окуяга буйрук берген адам, ал кыргыз элинин душманы жана Сооронбай Жээнбековго каршы иш-чара. Бул саясаттын артында жашыруун сыр бар. Муну көзмөлдөгөн Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиевдин саясый жоопкерчилиги мойнунда калат. Атамбаев боюнча айта турган болсом, биринчиден бул 2010-жылдагы төңкөрүш өз максатына жеткен жок деп өзү баа берди. Апрель окуясы максатына жетүүсүнө эч ким тоскоолдук кылган жок. Атамбаев албетте бүгүндөн баштап тез арада камалышы керек. Анын азыркы максаты уурдаган арам байлыгын кантип коргоп калууну көздөп жатат. Атамбаев мыйзам алдында жана арбактардын алдында жооп берет, - деди Кубанычбек Дүйшеев.

Эске сала кетсек, кечээ 7-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясынан улам 48 адам жараланган. Бир жоокер каза таап, милиция кызматкери Самат Курманкулов оор абалда.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости