www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Камеко» кенге ээлик кылгандан кийин, «Кумтөр голд компани», «Кумтөр оперейтинг компани» жана «Кумтөр маунтинг компани» деген үч ишкана ачат. Бул бирин-бири кайталаган ишканаларды эмне үчүн ачышкан? Булар Кыргызстандын экономикасына канчалык пайдалуу болгон? Ушул соболдор азыр деле актуалдуу. Анткени, биз дээрлик отуз жылдан бери чече албай келген коррупциялык элементтердин түйүнү ушул жерде болуп жүрбөсүн.

Назар салгыла. Негизги чарба, алтын өндүрүү иштерин «Кумтөр голд компани» жасайт. Анын Президенти А. Сазанов болгон. Бул жанагы директорлор кеңеши жоюлуп кеткен, Бишкекте катталган биргелешкен ишкана. Жанында эле «Кумтөр оперейтинг компани» иштеп жатты. Миллиондогон доллардын тагдырын дал ушул компания чечет эле. Алтындын «каймагын» калпыгандар ушулар. Башкача айтканда, Сазановдун үстүндө турган компания болгон. Башкасын эсептебегенде деле, бул компаниялардын айлыгына эле 5 миллиондой доллар сарпталып турчу. Мен учурунда, «Бирин бири кайталаган компанияны жоёлу» – деп маселе көтөрүп чыкканмын. Кыргыздын мамлекет башчысы, Өкмөт башчысы компанияларды санын кыскартуу боюнча талап коюуга батына алган эмес. Анан «Кумтөр маунтинг компани» дегени бар эле. Долбоордогу маанилүү болгон каржылоо жана иштин жүрүшүн көзөмөлдөө, уюштуруу функциялары ушул компанияга жүктөлгөн. Бул ишкана 1992-жылы 19-ноябрда Канаданын Торонто шаарында каттоодон өтүптүр. Юридикалык дареги: Канада, Саскачеван, Саскатун, 2121 – 11 көчөсүндө жайгашыптыр. Мен бул даректи бекеринен белгилеген жокмун. Себеби, кийинки бөлүмдөрдө ушул дарекке байланышкан ишкана тууралуу сөз болот.

Эми сөздүн удулуна келсек, Кумтөр алтын кени боюнча долбоордун майлуу-сүттүү жагын дал ушул «Кумтөр маунтинг компани» компания тейлеп келген. Муну «Камеко» өзү көзөмөлдөгөн. Анан «Центерра голд инк.» компаниясын түзүштү. Ал дагы Канаданын Торонто шаарында катталган. Төртөө тең «Кумтөр» алтын кенинин эсебинен жан баккан, андан дагы кыргыз элинин мойнуна минген компаниялар болуп эсептелет. Бирөөнү эле иштетсе, отчет алууга деле жеңил болот эле да. «Кумтөр голд компанини» гана калтырып, башкасын жоюш керек болчу.

Бул ишканалар өндүрүштү башкарууда канадалыктар үчүн өтө ийкемдүү, махинациялык ишти жүзөгө ашырууда ыңгайлуу болгон. Ага биздин Өкмөттүн тили өткөн эмес. Себеби, канадалыктар акырындап кен байлыкты башкарууну «Камеко» түзгөн структураларга өткөрүп алышкан. Ушундан улам кыргыз бийлиги чечим чыгарууга жана долбоорду жүргүзүүгө таасир бере албай калган.

Анан дагы белгилей кетүүчү жагдай, «Кумтор голд компани» ишканасын уюштуруудагы бир «сырды» «легендарлуу» парламенттин депутаттык комиссиясы таап чыкканы, Акаевдин «чекесине чыккан чыйкан» болгон десем жаңылышпаймын. Парламентти тезинен таркатууга себеп болгон факты ушул болгон го, деген бүтүмгө келем.

Себеби, Т, Чынгышев башкарган Өкмөттү «садагага» чабуу иштери парламентте илең-салаң жүрүп жатканда, Акаев демилгени колго алып, Өкмөттүн отставкасын талап кылганы, парламенттин тарашына «катализатор» болуп берди окшойт. Канткен менен парламенттик комиссиянын фактылары далилге бай болгон. Эгерде, «легендарлуу» парламент ушул «ишти» аягына чейин карап, калыс чечим чыгарышканда, «алтын тообуз» эл кызыкчылыгы үчүн иштеп калат беле?..

Ушул жерде бир кызыктуу фактыга назар салалы. Парламенттин депутаттык комиссиясынын корутундусунда, «Кумтор голд компаниясы» 1993-жылы 12-январда жабык типтеги акционердик коомдун түзүлүшү менен чындыгында Кыргызстандын «чоң алтын тоосу» менчиктештирилген десе болот. Анын уставдык фондусу 600 миң рублдейди, же 600 долларды түзөт. Ар биринин номиналдык наркы 50 рублей (25 тыйын) болгон 12 миң демейдеги ысымдык (именной) акцияларга бөлүнгөн. Ичинен Кыргызстанга 8 миң акция, ал эми «Кумтор майнинг компаниге» – 3999 тиешелүү. Ким бу ысымдык акциялардын ээси болгон – эч кимге түшүнүксүз. Эмне үчүн запасы боюнча дүйнөдө 7-орунда турган жана Кыргыздын улуттук байлыгынын уюткусун түзгөн жападан-жалгыз чоң алтын кени акционерлерге берилип, топ адамдын жеке менчигине айланышы керек. Келечекте акциянын көп бөлүгүн чет элдиктердин колуна өтүп кетпешине ким кепил болуп бере алат?..» деп ташка тамга жазгандай таамай жазылып турат. (Булак: ЖКнын стенографиялык отчеттон). Ошону менен бирге депутаттык комиссия Президентке маселени кабыргасынан койгон. Чын эле акциялар кимге таандык болду экен? А балким, ошол ысымдык акциялар Акаевге, Сарыгуловго тиешелүүдүр! Көп жылдан бери калктын бүйүрүн кызытып келген «иттин өлүгү» ушул жерде жатпасын?..

Ушуга улай айта кетүүчү нерсе, Т. Чынгышев башкармалыктын мүчөсү болгон, Бирштейн башында турган «Вико» компаниясынын акциясынын 90% Кыргыз бийлигине таандык экенин депутаттык комиссия таап чыкпады беле. Ал акцияларга кимдер ээлик кылат болду экен? Бул суроонун жообу табыла элек. Тарых өз баасын берип, эл байлыгын тоногондордун жүзүн ачаар күн келээр.

«Камеко» компаниясы акчанын кулу болгон, ары жок кыргыз бийлигин алдап, кыргыз мамлекетин, кыргыз элин шылдыңдагансып, өз билгенин жасады. Башкы келишимде каралгандай, өндүрүшкө эч кандай инвестиция салышкан жок. Орой айтканда, кыргыз бийлигинин өзүнүн боткосун өзүнө жедирип, каймагын калпып кетти.

Себеби, макулдашуу боюнча канадалыктар Кумтөрдөгү10070 гектар аянтты ээлеген «Борбордук», «Сары-Төр», «Түштүк-Батыш» участокторун алышып, ошол жердеги алтын кенин чет элдик банктарга күрөөгө коюшуп, кредит алышкан. Кредитке фабрика курушуп, техникаларды алып келишкен. Коомчулукка маалым болушу үчүн айта турган маселе – 400 миллион доллар суммасындагы кредит биздин алтыныбыздын эсебинен үстөгү менен толук төлөнүп берилген. Ошондуктан, алтын ылгоочу комбинат Кыргызстандын менчиги. «Камеконун» бир тыйыны кеткен эмес.

Айрым маалыматтарга караганда, канадалыктар кенди иштетүү үчүн 460 миллион доллар кредит алган. Алынган кредиттин 70%ы республикалык бюджеттен төлөнүп берилип, 30%ын канадалыктар төлөгөн экен. Эми ушундай ыкма менен иштеген компанияны инвестор деп айтууга болобу?!

А. Акаев башында турган кыргыз бийлиги муну билбей калды дегенден таптакыр алысмын. Анткени, алгачкы күндөн эле тар чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөгөн Кумтөр кенинин долбоору ка-

надалыктардын «басымы» менен ишке ашып келгени биздин коррупционер бийликтин шалаакы аракетинин кесепети деп түшүнүүгө болот. Демек, өз элинин жыргалчылыгына каршы иштеген жетекчилер качан да болсо жоопкерчиликке тартылып, жазасын алыш керек эле.

Чыгашалуу "Камеко"

«Кумтөр» алтын кенин жалпы экономикабызга олуттуу пайдасы тийбей жатканына ошондогу Президент Аскар Акаевдин эл алдында кечирилгис күнөөсү бар. «Легендарлуу» парламентти таркатып, өзүм билемдик менен башкы келишимди ратификациялаган мыйзамсыз Жарлыгын чыгарган.

Андан бери үч революция болду. Бир нече бийлик алмашты. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин мамлекеттик башкаруу органдары кендерди казып алуу саясатын мыйзамдуу жолго сала албай келе жатат. «Кумтөр» кенине байланышкан келишимдер боюнча жок дегенде саясый-моралдык жактан баасын берген ырасмий орган болгон жок.

Негизи, өлкөнүн башында турган Президенттин саясый эрки болмоюнча, бул «саясый шоу» улана берээри турган иш. Анткени, ким өзүн саясый чөйрөдөн сүрүлүп калдым деп сезсе, Кумтөр алтын кенине асылып, комиссия түзө коюу, саясый упай топтоо салтка айланып баратат. Бийликти көксөгөндөр, же болбосо бийликке таарынгандар «Кумтөр» алтын кенин саясый курал катары пайдаланып келишет дагы, Ак үйдөн кызмат тийгенден кийин унчугушпай калышат. Элдин ишенимине ээ болуп келген ар бир Президент, «Кумтөр» боюнча кылымдык аферага айланып бараткан кылмыш ишин жашырып, аны адилеттүү чечүүгө эрки жетпей жатат.

Мына бир мисал, мамлекетти бир жыл башкарып, бүгүнкү күндө экс-Президент макамына ээ болуп келаткан Роза Отунбаева оппозицияда жүргөндө «Кумтөр» алтын кениндеги мыйзамга сыйбаган маселелерди кабыргасынан койчу эле. Роза Отунбаева өзү КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда, «Кумтөр» алтын кенин иликтөө боюнча комиссияга мүчө болуп, АКШнын Невада штатына чейин мени менен бирге барып, кырдаалды өз көзү менен көрүп, таанышып келген. Башка саясатчыларга салыштырмалуу алтын маселеси боюнча абалды жакшы билген депутат болчу. Роза Исаковна 2009-жылдагы кыргыз Өкмөтү менен «Центерра голд инк» компаниясынын ортосундагы келишимди парламенттин бийик трибунасынан сындап, «...Но я хочу, в этом зале присутствует и представитель канадской стороны, уважаемые депутаты, я хочу сказать, что мы очень далеки в то же время от того, что будем здесь воздовать аплодисменты. Потому что, имея крупнейший вот такой золото проект в мире, эта страна Кыргызстан, который занимает самый низкий показатель по многим параметрам. Так и не может поднятся на какой-нибуд более, менее достойный уровень жизни. Развития страны имеет здесь двойные стандарты и вот этот закон, который сейчас в коррупционном моменте приводится канадской закон о том, что нельзя значит, чиновников коррупционными методами брать. Этот закон должен был бы работать с 1994 года. Сейчас вот он вписан. Я не вижу что с нашей стороны в этой части как бы это сказать, что нас будет спасать от корупции. Вчера на фракции Премьер-министр и вся эта комиссия говорили о выигрыше, о том, что канадская сторона якобы находится сейчас далеко не в выигрышном состоянии, а выигрыше нашем говорилось. Я все-таки продолжаю утверждать, что у нас Кыргызстан и вообще вот этот весь договор он остался на том же тракте, как вот это было в 1994 году и 2003 году подписано. А именно мы речь ведем об увеличении числа акций, при этом мы не добились и не добиваемся полных платежей в бюджет. Хочу это подтвердить примером, Канадцы добыли 2008 году 17,10 тонн золота, более полумиллиона унце, это по их данным, они заплатили налогов и обязательных платежей в бюджет миллиард 869, т. е. 46 миллион. Если бы Игорь Витальевич, они платили бы НДС за произведенное золото, то мы получили бы еще плюс 93,7, пусть канадцы слушают, что если мы идем на такое подписание, это не означает, что мы нечего не понимаем в этой стране. В Казахстане 28% налоговая нагрузка, в России 46% налоговая нагрузка. Мы 13% и это вот вы просите у нас аплодисменты, не будет аплодисментов. Я считаю что мы в таком случае могли бы получить 39,7 млн. долларов, это 30% налоговой нагрузки, это нормально было бы, мы этого не получаем. Вы говорите о 18%, еще раз хочу сказать 4%. это Центерра распоряжается этими 4%, Центерра не будет на геологические изыскание теперь отныне деньги давать и средство выпускат, это все будет делаться на наш счет. Кумтор вводит 5,5 тыс. тонн цианида ежегодно, горючего 20-30 тонн, взрывчатки все это не облагается НДС. Все кыргызские предприятия платят НДС. По налоговому режиму который вы считаете, он для них не выигрышное, он на самом деле преференциальные и очень жаль, что такой налоговый режим будет распространяться и дальше...» деген болчу Роза Исаковна. Кеңеште жаңы келишимдин долбоору жактырылып жатканда, КСДП фракциянын атынан өз оюн төмөндөгүчө билдирген: (стенограмма)

Бакиев «тактан» кулагандан кийин, Убактылуу Өкмөттүн шарапаты менен бийликке келген Роза Отунбаева «Кумтөр» маселеси боюнча, салыктан бошотулган ишканалар жөнүндө бир дагы маселе көтөргөн жок. Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү тууралуу партиялаштары – А. Атамбаевдин 6 жыл бийлигин, С. Жээнбековдун 3 жыл бийлигин, өзү бийликте отурган бир жылын кошкондогу он жылдан ашуун убакытта бир дагы ооз ачканын уккан жокпуз. Алтын кенин тоногон коррупциялык схема ошол бойдон ишин уланта берди. Акаевдин бийлиги канадалык компания менен «Кумтөр» кен байлыгын бирге иштетүү боюнча түзүлгөн келишимин мактап, Кыргызстандын үлүшү (акциясы) – 66,67 %, «Камеко» – 33,33% үлүшкө ээ болгонун жеңиш катары баалап келишти. А чынында талап-тоноонун башаты ушул жерде башталган. Келишим боюнча таза кирешени бөлүштүрүү каралган. Ошол учурдагы техникалык-экономикалык негиздемеге (ТЭН) таянсак, алтындын эсебинен Кыргызстан 600 миллион доллар киреше алышы керек эле. Анын ордуна Кыргыз Өкмөтү 63 миллионго жетпеген киреше алган. Бул деген дээрлик он эсе аз каражат. Техникалык-экономикалык негиздемени чет элдик компания өзү бекиткен. Тагыраак айтканда, бул «Камеконун» «жети эмес, жетимиш өлчөп, бир кескен» документи болчу. Анда киреше-чыгаша так-даана жазылып турат. Башкы келишимде мына ушул ТЭНде каралган фактыларды кынтыксыз аткаруу каралган. Бирок, ал талаптар аткарылган жок.

«Камеко» компаниясы мамлекетке тиешелүү салыктарды төлөбөгөнү аз келгенсип, акырындык менен чыгашалуу ишканага айланды. Жок жерден чыгымын көбөйттү. Берилген бардык жеңилдиктерге, тагыраак айтканда, он жылдап салыктан, бажы төлөмдөрүнөн бошотулганына карабастан, канадалык компания ошол убакта 200 тоннадай алтын казып алып, 2,5 миллиард долларга сатып, 16 жылдан бери чыгашалуу ишканабыз деп жалган айтып келишти. 2008-жылдын 1-апрелине 191 миллион доллар карызыбыз бар дешип, мамлекеттин башын айландыргандан жадаган жок. Алтын казып жатып, жалаң гана чыгашага иштеген компания кайсыл өлкөдө бар болду экен?..

Канадалыктар уялбастан чыгашаларын атайын көбөйтө беришкен. Мындай жүрүш, таза кирешени бөлүштүрүүдө канадалык компаниянын кызыкчылыгы үчүн пайдалуу болчу.

Ушул жерде кошумчалай кетүүчү жагдай, учурунда канадалыктар тарабынын негизсиз чыгымды токтотуу максатында маселе көтөрүп чыктым эле. Маселен алар, ичкен суусун Франциядан, жеген помидорун Италиядан алдык деп отчет берип келишти. Бирок, анда ошол азык-түлүктөрдүн чет жактан ташып киргени тууралуу тастыктаган документтери, салык төлөмдөрү көрсөтүлгөн эмес. Демек, салык төлөнгөн жок да. Депутат болуп турганда, «Кыргызстандын курулуш материалдарын колдонгула, цементти Казакстандын Таразынан эмес, биздин Кант шаарынын аласыңар, Ысык-Көлдүн алмасын, этин, картошкасын жейсиңер, айранын, сүтүн ичесиңер. Жергиликтүү калк менен келишим түзгүлө», – деп канадалык компанияга талап коюп, бир жумалык мөөнөт бергем. Жогорку Кеңешке, Өкмөткө сунушумду билдирдим. «Кумтөр» ишканасынын президенти А. Сазановго ырасмий түрдө кайрылгам.

Акыры канадалык компанияны ынандырып, өзүбүздөн өндүрүлгөн азык-түлүк, жашылча-жемиштерди ала башташты. Натыйжада жүздөгөн түтүн тургундар сүтүн, жер-жемишин Кумтөрдөгү ишканага сатып, оокат кылып калышты.

Айыл жериндеги айыл чарба продукцияларын канадалык компания сатып алып жатканына көмөк көрсөткөнүмө Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы мага ыраазычылыгын билдирген.

Акаевдин учурундагы Өкмөт башчы Н. Танаев, «канадалыктар майрамдын алдында өз жеринен самолет менен пирожки алып келип жешчү», – деп айткан жайы бар. Назар салыңыз, окурман. Николай Танаев 2008-жылы 11-февралда «24kg» маалымат агенттигине берген маегинде, «На свои канадские праздники они отправляли самолет к себе в страну за пирожками, и все эти расходы ложились на нас — 70 процентов мы платим за пирожки, а они — только 30. В вопросе зарплаты также была несправедливость. Наши граждане получали копейки, иностранцы – в десятки раз больше...» деп айткан.

Премьер-министр Н. Танаевдин бул айткандары анын колунан эч нерсе келбеген алсыздыгын айгинелейт. Ошол чет өлкөгө «самандай сапырылган» акчалар кыргыз жеринин, кыргыз элинин акчасы, ырыскысы болгон. Өкмөт башчы Н. Танаевдин канадалык компанияга карата чара көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү болчу. Бирок, аны жасабады.

Туура, жумушчуларга айлык төлөө маселеси да бирдей болгон эмес, жергиликтүү калктын укугу басмырланган жагдайга жол берилген. Маселен, «Кумтөрдө» иштеген 90 чет элдик жаран биздин 1850 кызматкерден көп айлык алып келген. 2006-жылы жалпы «Кумтөрдүн» жумушчуларынын айлыгы 46 миллион долларды түзгөн. Анын ичинде 1850 кыргызстандык жумушчулар ал сумманын айлык катары 22 миллион доллар алса, канадалыктардын 90 жумушчусу 24 миллион доллар алышкан. Бул биздин Эмгек кодексибиздин талаптарына туура келбейт. Бирдей эле жумуш аткарган кыргыз механиги ошол эле жумушту аткарган канадалык механиктен 15 эсе аз айлык алган. Ушуну кантип адилеттүүлүк деп айтууга болот? Кумтөр деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктикте жайгашса да, жумушчуларга бийик тоолуу жерде иштегини үчүн коэффициент төлөшкөн эмес.

Башкы макулдашууга ылайык канадалык компания миңдеген гектарлаган жерден алтын казып алып, 12 жылда бар болгону казынага 7 миң доллар жер салыгын төлөгөн. Бул факт.

Кубанычбек Исабеков, экс-депутат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости