www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Тажикстан менен чек арага убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдады.
Мындай чечимди министрлер кабинети 21-май күнү кабыл алган.
Тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана КРди транзиттик өлкө катары пайдалануусуна чектөөлөр коюлган. Ошондой эле «Кулунду», «Кайрагач», «Кызыл-Бел», «Бордобо» жана «Карамык» өткөрүү пункттары аркылуу коңшу өлкөгө жүк ташууга чектөөлөр каралган.
Чектөөлөрдүн айрым учурларга гана тиешеси жок:
эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
Кыргызстан менен Тажикстандын расмий адамдары (тиешелүү органдар менен алдын ала макулдашуудан кийин).
Ошол эле учурда Тажикстандын аймагында жүргөн кыргыз жарандары, ошондой эле Кыргызстанда жүргөн тажик жарандары мекенине өтүп кете алат.
Булак: NazarNews.kg