www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеевге койгон моралдык чыгымы канчага бааланып, ал эмнеге жумшала турганы ачыкталды. Бул тууралуу Жумалиевдин адвокаты Бактыбек Жумашев журналисттерге билдирди.

Жумалиевдин адвокаты Жапыкеевге 10 миллион сомдук доо коюлуп жатканын маалымдаган.

“Бүгүн, мен Жумалиевдин адвокаты катары Жапыкеевге карата ар­-намысты, кадыр-баркты коргоо жана келтирилген моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко арыз бердим. Моралдык зыян 10 миллион сомго бааланган. Соттон утуп алган каражат кайрымдуулукка жумшалат ", - деди Бактыбек Жумашев.

ИИМдин маалыматына ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө С.Жапыкеевдин соцтүйүндөрдөгү маалыматтары, видео кайрылуулары толугу менен иликтенип чыккан. Иликтөөлөр көрсөткөндөй С.Жапыкеев К.Жумалиевди ири коррупционер экендигин, ал көптөгөн жылдар бою мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп миллиондогон долларды чапчыган мамлекеттик байлыктарды менчиктеп же уурдап алгандыгын айткан.

С.Жапыкеевдин акыркы убактагы бардык сүйлөгөн сөздөрүнө лингвистикалык экспертизалар дайындалып, аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости