www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында президент Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге “Улуттук банкта 40 тоннадан ашык алтын бар дедиңиз, чын эле барбы?” деген суроо узатты.

“Алтын бар. Ал боюнча Жогорку Кеңештин комиссиясы келмек, биз аларга алтынды көрсөтүп бермекпиз. Депутаттарды күтүп жатабыз”, - дейт Бөкөнтаев.

Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга карата иш план каралууда.

Жыйынга борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости