www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес Паррилья өзүнүн Telegram-каналында Кубанын терроризмге каршы күрөшүүдө жетиштүү кызматташпаган өлкөлөрдүн АКШ түзгөн тизмесине кайра киргизилишине катуу нааразычылык билдирип, Вашингтонду кош стандарттуу саясат жүргүзүп жатат деп айыптады.
"АКШнын мамлекеттик катчысы, куба элине каршы чараларын актайм деп жалган айткандыгы менен белгилүү болгон, Кубаны кайрадан АКШнын терроризмге каршы аракеттерине кызматташпаган өлкөлөрдүн тизмесине киргизди. Ага 2024-жылы анын өз өлкөсүнүн агенттиктери муну жокко чыгарган далилдерди бергенин эскерте кетели", — деп жазды Родригес.
Анын айтымында, 2024-жылы АКШнын атайын кызматтары өздөрү мындай дооматтардын негизсиз экенин тастыктаган маалыматтарды беришкен.
"АКШнын сенатору Марко Рубионун өкмөтү өз аймагынан Кубага каршы теракттарды уюштурган, каржылаган жана жазасыз ишке ашырган адамдарга каршы кандайдыр бир чара көрдүбү? Бул өкмөттүн кош стандарттары жалпыга маалым", — деп кошумчалады Родригес.
Министр акырында АКШны "бир тараптуу, негизсиз жана жалган тизмелерди" түзүүнүн ордуна жаңы тизме түзүүнү сунуштады — "жалганчы жана коррупцияга баткан, жеке кызыкчылыктарга кызмат кылган америкалык саясатчылардын тизмеси".