www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Россия 1" телеканалынын журналисти Павел Зарубинге билдиргендей, россиялык делегация украин тарапты Стамбулда күтөт. Бул кадрлар журналисттин Telegram-каналында жарыяланды.
"Мен айта албайм. Президенттин (Россия президенти Владимир Путиндин – ред.) көрсөтмөсү болгондо гана бул аракеттерди жасайбыз", — деди Песков.
Мындан тышкары, ал Украина президенти Владимир Зеленскийдин Россия лидери менен жеке жолугушууга даяр экендиги тууралуу айткандарына комментарий берүүдөн баш тартты: "Биз Путиндин гана билдирүүлөрүн баалайбыз", — деп белгиледи Песков.
Жекшемби күнү Россия президенти Украинага алдын ала шарттарсыз түз сүйлөшүүлөрдү 15-майда Стамбулда кайра баштоону сунуштаган. Ал Киев тарабынан аткарылуучу чыныгы ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын белгилеген.
Өз кезегинде, Зеленский Путиндин тынчтык демилгесине ультиматум менен жооп берип, Москва 12-майдан баштап 30 күнгө толук ок атууну токтотууга макул болушу керектигин айткан. Ал мындай шартта гана Киев сүйлөшүү столуна отурарын белгилеген.
Бирок АКШ президенти Дональд Трамп Украинаны Москва тараптан түшкөн сунушту дароо кабыл алууга чакыргандан кийин, Зеленский бейшембиде Түркияда Россия президенти менен жолугушууга даяр экенин билдирген.