www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтияттын башкы эсепчиси Жеңишбай ажы Бекиев өткөн жума күнү УКМК абагынан үйгө чыкты. Кылмыш иши акырындап барып жабылып кетсе таң калбагыла. Бул тууралуу тележурналист Кубатбек Айбашов соцтармагына жазып чыкты.

Президенттик шайлоо учурунда ДИМК директору Акин Токталиев, Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, муфтияттын БТК мүчөсү Бактыбек Нурдиновдор Кыргызстанды түрө кыдырып, казы, имамдар арасында бийликтин талапкери Садыр Жапаровго үгүт иштерин жүргүзүп чыгышкан. Муну А.Токталиев интервью учурунда айтып тастыктап берген. М.Токтомушев да С.Жапаровду колдойлу деп айтып жүргөм деп ырастады. Бирок, деталдарын кайра-кайра тактап сураганымда ачуусу кайнап чыкты.

Мындан 3-4 жыл мурда эски борбордук мечиттин ордуна жаңы мечит куруу боюнча иш-аракеттер жүргөн. Демөөрчү да чыккан. Бирок, подрядчик тандоодо пикир келишпестиктер тутанган. Муфтият жетекчилиги "Ихласты", демөөрчү таап келгендер болсо "Имарат Стройду" сүрөшкөн. "Имарат Строй" тандалган соң, аягында муфтий келишимди бузуп салган.

Эхх, молдокелердин калп айтаарын, пенделик напсинин кулу болуп калышаарын тереңинен билген сайын жакамды кармап атам (жакам тытылып кетмей болду), деп жазып Manas Osmonдун мини романын кошумчалаган. 

Куштун канатын сындыра чапкан дербиштин башында селдеси бар эле. Сулайман пайгамбар куштан сурады:

- Эмнеге качкан жоксуң?

Куш айтты:

- Башында селдеси бар эле.

Сулайман пайгамбар өкүмгө ылайык дербиштин колун кесүү үчүн буйрук бергенде куш каршы болду:

- Жөн гана селдесин чыгартып койгула. Ошонусу менен элди алдап атат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости