www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Сиздерди Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо органынын түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы менен чын дилимден куттуктаймын!

Финансылык чалгындоо органынын алдына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана өлкөнүн финансы системасынын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча жоопкерчиликтүү милдеттер коюлган.

Бул багыт боюнча жигердүү иш – өлкөнүн финансылык коопсуздугуна жана туруктуулугуна маанилүү  салым болуп саналарын белгилей кетиш керек.

Акыркы убактарда террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жетишкендиктер болду.

Ошол эле учурда аталган чөйрөдөгү коркунучтар сакталып турат, ошондуктан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнүн заманбап жана натыйжалуу ыкмаларын колдонууңуздар зарыл.

Ошондой эле ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташууда Сиздердин салымыңыздар эбегейсиз, бул тармактагы жасап жаткан  иштериңиздерди бекемдөө жана аны өнүктүрүү абдан маанилүү жана учурдун талабы. Бул абдан оор, жогорку даражадагы жоопкерчиликтүү милдет, бир гана тажрыйбаны жана кесипкөйлүктү гана эмес, жеке сапаттарды да талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине кесипкөйлүгү жана берилип  кызмат кылганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындан ары жагымдуу эмгек шарттарын түзүүгө, кызматкерлердин социалдык жактан корголушун жакшыртуу жана финансылык чалгындоо органынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ишин улантат.

Ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди,  сиздерге жана жакындарыңыздарга ден-соолук жана бакубат жашоо каалаймын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости