www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаңы китеп” мекемеси  жыл башынан тарта мектеп китептерин басып чыгарууга каражат тартуу боюнча иш алып барууда.

Учурда Катар өлкөсүнүн кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен 5-6-класстын окуучулары үчүн “Көркөм өнөр”, “Технология” дисциплиналары боюнча кыргыз жана орус тилде 12 380 даана китеп басып чыгарылды.

Бишкек шаарына 2335 китеп берилди. Анын 1300ү кыргыз тилиндеги, 1235и орус тилиндеги окуу куралдары.

Чүй облусуна 8800 даана китеп бөлүндү (3 715 экземпляр - кыргыз тилинде жана 5 085 – орус тилинде). Ысык-Көл облусуна 960 даана китеп жөнөтүлдү. 

Бул тууралуу “Жаңы китеп” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Төлөгөн Аматов: “Берилген окуу китептер жакынкы 5 жылга  ижарага берилет, ижарадан топтолгон каражатка жаңы окуу китептери басылып  чыгарылат. Бир жылдын ичинде биз ар кандай уюмдар, эл аралык фонддор жана жеке  компаниялар менен жаңы окуу китептерин басып чыгарууну каржылоо маселеси боюнча  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик, бирок, тилекке каршы пандемия өзгөрүүлөрдү  киргизди. Кызматташууга кызыкдар болгон көптөгөн уюмдар долбоорлорду ишке  ашырууну убактылуу токтотушту. Бирок биз бул багытта иш алып барууну улантып  жатабыз жана билим берүү секторун өнүктүрүүгө кызыкдар болгон адамдарды биздин  долбоорлорду ишке ашырууга кошулуп, колдоо көрсөтүүгө чакырабыз”, - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости