www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо: “Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү

“Баарына каршы” элдик кыймылы түзүлдү. Бул тууралуу ”Кырк Чоро” коомдук бирикмесинин жетекчиси Замирбек Көчөрбаев “Элдик медиага” билдирди.

Анын айтымында, аталган кыймылга буга чейин соцтармактарда өзүнүн пикирин билдирип келген жарандар, коомдук ишмерлер, ар кандай уюмдун жетекчилери кошулду.

“Биздин максатыбыз 4-октябрда шайлоо күнү элге барына каршы үгүт насаат иштерин жүргүзүү. ”Кырк Чоро” коомдук бирикмеси буга чейин бардык партиялар сыяктуу эле өз аракетибизди БШКга билдиргенбиз. Ал жактан жол-жобосу мыйзамда көрсөтүлгөндүгү боюнча жооп алып, ошого жараша аракеттерди кылып жатабыз. Барына каршы чыкканыбыздын себеби, VI чакырылыштагы 120 депутаттын 62си учурда шансы бар партиялардын тизмесинде талапкерлигин коюп, кайра эле ошолор шайлоого аттанышты. 5 жыл мурун элге айткан сөздөрүн кайра эле кайталап айтып жатышат. Элди акча менен сатып алуу аракеттери болуп атат. Биз ушулардын барын көрүп туруп элге “барына каршы” үгүт иштерин жүргүзөлү деп чечтик”,- дейт Көчөрбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости