www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италиядагы пляждары менен белгилүү Сардиния аралынан 2 кг кум уурдаган франциялык турист аэропортто кармалды. Бул тууралуу milliyet.com.tr жазды.
Сардиния аралындагы пляж кумдары коргоого алынган. Бул тууралуу 2017-жылы атайын мыйзам дагы киргизилген. Адатта бул кумдарды уурдаган туристтерге 3550 долларга чейин айып пул салынат.
Италиялык коопсуздук кызматкерлери 1-сентябрь күнү Кальяри Эльмас аэропортунда бир туристтин чемоданынан 2 кг жакын кум таап чыгышкан.
Айып пулдун көлөмү уурдалган кумдун көлөмүнө жана алынган жерге ылайык 600 долларга айырмаланат. Бул тууралуу аймактык өкүл: “Өткөн жылы кумдарды сувенир кылып саткан интернет баракчасын тапканбыз. Бул абал Европа аймагына тааныш көрүнүшкө айланды", - деди.
Сардиниянын жашоочуларынан кум уурдап жаткан туристти көргөндө тиешелүү адамдарга кабар берүүсү талап кылынат. Берилген маалыматтар боюнча, өткөн жылы аралга саякатка келген франциялык үй-бүлө дагы пляждан 40 кг кум уурдап, колго түшүрүлгөн.
Булак: NazarNews.kg