www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Баткенге барганда, жергиликтүү жашоочулар мурдагы губернатор, экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун үстүнөн арызданышкан. Анын чек ара боюнча катаал чечимдерге, көйгөйлөргө тийешеси бар экени айтылып, нааразычылык жаратканын кантебиз?

Жакында «Кечки кабарлар» сайтына чыккан маалыматта Жеңиш Разаков кыргыз жерлеринин көбүнүн тажиктерге өтүп кетишине себепкер болгону жарыяланды. Баткендин эли аны каргап-шилеп, Жеңиш Разаковдун үстүнөн бийликке арызданышып, ооздорунан көк түтүн чыгып жатат.

Баткен элинин арыз-муңун бийлик угуп, Жеңиш Разаковдун иши териштирилип, чара көрүлөбү же ал банктын директорлор кеңешинин мүчөсү катары тайраңдап жүрө береби? Мамлекеттик кызматтан айдалса да, «майталкандан» түшпөгөн эргулга Кудай качан жеткизет? Элдин ыйы тынч уктатпаса керек...

Булак: Азия News гезити

Последние новости