www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экспрезиденттер мыйзамды бузган учурда керек болсо камалып деле кетип жатышат. Акыркы жылдары жыйырмадай экс мамлекет башчысы жоопко тартылды. Түштүк Кореянын президентин соцтармактары эле коколоп, жемкорлугунун бетин ачып,кызматынан айрылганы аз келгенсип камалып кетти. Кыргызстанда болсо экспрезиденттик кол тийбестиги алынса да юридикалык өкүлдөрүнө далдаланып жатат.

 Экс президент Алмазбек Атамбаевдин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев 11-июлда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына кайрадан кат жиберди. Анда Слесарев Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай жатканын түшүндүргөн. Ал Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат.

Атамбаевди Тергөө кызматы эки жолу чакырган, ал экөөндө тең ИИМге баруудан баш тарткан. Тергөө кызматы “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишин иликтөөдө. Алмазбек Атамбаев 2013-жылы “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости