www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн айда Ош шаарында «Россиянефть» ишканасына таандык май куюучу жай жарылып, жакын жашаган үйлөрдүн терезеси сынып, аны менен бирге эки адам жабыркаган.

Бул туүралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашев атайын жыйын өткөрүп, жарылып кеткен май куюучу жайды иштебесин деген катуу талапты койгон эле. Тилекке каршы мэрди тоготпогон «Россия Нефть» ишканасынын жетекчилери кайрадан ал жерди оңдоп, жакында ишке берүү алдында турушат. Эмнеге калк жыш жайгашкан жерде май куюучу жай жайгашуусу керек?

Жарылып кеткенден кийин дароо ишин токтотсо болмок, өз ишин. Аталган жайдын жетекчиси Семетей Козуев:

«Документтердин баары жайында, 5 миллион сомго оңдоп - түздөттүм. Буюрса жакын арада ачылат» - дейт.

Ошондо булар шаар бийлигин тоготпой жатышабы? Же ишенген «адамдары» күчтүүбү? Жарылып кеткендиги боюнча иш сотто каралып атса, анан так ошол жарылган май куюучу иштеп жатканы кайсы логикага сыят, ыя, дейт "Де - Факто" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости