www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бишкек” эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору, Туризмди өнүктүрүү фондун экс-жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, Бишкектин Ленин райондук сотуна өттү. 

Ички иштер министрлиги 2025-жылдын ноябрь айында Кудрет Тайчабаровду уюшкан кылмыштуу топтор жана мүчөлөрү менен байланышта болгон деген негизде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (Уюшкан топко катышуу) 2-бөлүмү менен айып тагылган. Адам бул берене менен күнөөлүү деп табылса мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.
Кийин тергөө учурунда ага коррупция жана алдамчылык боюнча дагы эки айып тагылганы белгилүү болгон.

Белгилей кетсек, Кудрет Тайчабаров 2025-жылы Жогорку Кеңешке шайлоодо №19 шайлоо округунан талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазган. Боршайком “Кудрет Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деген негиз менен талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Буга анын социалдык тармактарда анын 2023-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен чогуу түшкөн сүрөтү тараган. Кудрет Тайчабаров БШКнын отурумунда сүрөттө чындап эле өзү экенин жана ал 2021-жылы тартылганын айткан. Ал “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы маселени чечүү үчүн Камчы Көлбаевден жардам сурап барганын жана бул “ишкерлердин кызыкчылыгы” үчүн болгонун билдирген.

Последние новости