www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлигинин энергетика тармагында абоненттерди тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана  санариптештирүүнү өнүктүрүү   боюнча жүргүзүп жаткан реформасынын  алкагында  быйыл  Ош облусуна жалпы 136 642 даана акылдуу эсептегич (АСКУЭ) орнотуу  иши пландалууда.
Аталган иш аракеттер “КУЭТ” ААКнын филиалы - Ош электр тармактары ишканасы  тарабынан ишке ашырылат. 

Бул долбоорлор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) жана Дүйнөлүк банк (ВБ) колдоосу менен ишке ашырылат. 

Акылдуу эсептегичтер райондордун керектөөсүнө жана калктын санына жараша бөлүнөт:
•Ноокат РЭТине – 51 640 эсептегич, облус боюнча эң көп.
•Кара-Суу РЭТине – 46 319 эсептегич.
•Алай РЭТине – 14 194 эсептегич.
•Кара-Кулжа РЭТине – 13 060 эсептегич.
•Өзгөн РЭТине – 6 491 эсептегич.
•Чоң-Алай РЭТине – 4 938 эсептегич.

Техникалык өзгөчөлүктөрү:
•Жалпысынан 133 122 эсептегич бир фазалуу,
•799 эсептегич үч фазалуу,
•Трансформаторлорду көзөмөлдөө үчүн 2 721 Башкы эсептегич (ГПУ) жана 2 721 концентратор орнотулат.

Акылдуу эсептегичтердин негизги максаты жана артыкчылыктары:
 Электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүү;
 Электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоо;
Коррупцияны жоюуга шарт түзүү;
 Көрсөтмөлөрдү реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө берүү;
 Электр энергиясын ашыкча колдонгондо же карыз болгондо автоматтык түрдө өчүрүү;
 Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин автоматтык түрдө кайра кошулушу;
 Эсептегичке тышкы кийлигишүү болгон учурда дароо билдирүү.

 

Последние новости