www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөсү аялы бар болсо дагы башкага барат. Аялы баарын билип туруп кечире берет, үйдө уруш-жаңжал ушинтип башталды.

Күйөөсү жубайынан кечирим сураганы менен далай жолу алдады, аялы үй бүлөсүн сактоо үчүн кечирет, бирок дагы эле баягы көрүнүш.

Аялынын кечиргенине көнгөн күйөөсү оопасыздыкка көп жолу барды. Бул жолу жубайынын шагы сынып ичтен эзилип ыйлады...

Күйөөсү, кыз-келинге барууну күчөтө берди. Жашоодон ордун таба албаган келинчек катуу өзгөрдү, жолдошунун кечирим сураганын күттү.

Акыркы күндөрү жолдошу үйгө түнөбөй баштады, жаш келин анын запкысынан ооруга чалдыкты. Убакыттын өтүшү менен күйөөсү "бала төрөбөйсүң" деген шылтоо менен уруша баштады. Болгон күнөө жолдошунда экенин аялы жашырып эч кимге айта албады.

Күйөөсү ар кандай кыздын изинен чуркап достору менен жүргөндү токтотподу. Баарынан тажаган аялы ажырашууну ойлоп үйүнөн чыгып кетти. Төркүнүнө келди, эч күнөөсү болбосо да ата-энесине болгон чындыкты айталбай эзилип ыйлай берди, ыйлай берди... 

-Неге күйөөм, өз очогун бирөөгө алмаштырды?,-деген суроо жанын кыйнады. Аялы таарынычын айтып күйөөсүнө сан ирет кат жазды. Акыркы сөзүн айтуу үчүн күйөөсүнө дагы кабарлашты. Адатынча дагы жооп бербеди. Ал кезде күйөө башка сулуунун кучагында эле. Ызага чыдабаган аялы жолдошун биротоло таштап чыгып кетти. Ошентип "чардаңдап" жүргөн күйөө, келинчегинин кетип калганы менен иши да болбоду...

Тагдырдын тамашасы күйөөнү жазалады...

-Ушул тапта күйөөсү тирүү, Алланын берген өмүрүн өлүктөн кем эмес кылып сүрүп жатат, аялы кеткен соң жол апаатына түшүп, темир арабага таңылып, тагдыры ташка байланды.

Мээнеттин эгизи дал келип, бир күнү тамекисин өчүрбөй уктап калып үйүн, бар байлыгын өрт алып кетти. Ага мамлекет тарабынан шаардык жатаканадан майыптарга арналган бир бөлмөлүү суук батир берилди. Арадан эки ай өтпөй ата-энеси менен жалгыз агасы-карындашынан бирдей айрылды. Азыр баягы жанында шарактап жүргөн досторунун бири да жок.

Темир арабага байланган оор азап аны кажып жиберди, ошол кезде гана болгон күчү менен бакырып ыйлады.

Ошондо гана аялынын күлгөнүн, эркелегенин сагынды. Жубайынын бардык нерсеге чыдаган мыкты аял экендигин эстеп, анын таза үйү менен даамдуу тамагын эңседи.

"Кудайга не жаздым", деп ыйлап жатканда асман периштеси келип, ага өзүнүн аялына көрсөткөн кордуктарын, аялына жалган айтып жок жерден уруш чыгарып, канча жолу кол көтөрүп сабагандарын, өзүн ыйлап күткөн убактысын жана так ушул тапта аялынын башка жанга эркелеп, кичинекей наристесин ойнотуп, бактылуу жашап жатканын кино тасмасындай көзүнө даана көрсөттү.

Ошол кезде ал өмүрдөгү эң кымбат адамын жоготконун түшүнүп, өзөгүн өрттөгөн өкүнүчтөн не кылаарын билбей ыйлай берди, ыйлай берди...

Аргасы түгөнүп, периштеге өзү менен бирге жанын алып кетүүнү суранды. Ошол кезде периште: "Жок, сен жасаган күнөөлөрүңдүн эми гана бир пайызын өтөдүң, сен кылган күнөөлөрүңдү толуктап жооп бермейинче аркы дүйнөгө да бара албайсың", деп жок болуп кетти...

Тилекке каршы бул кезде баары кеч болуп калган эле... Анткени анын сөзүн угуп, сырдаша турган эч кимиси жок.  Ал кайрадан акыркы болгон күчүн жыйып аялына телефон чалды..."Абонент временно не доступен"...

Которгон: Б.Д

(БАЯН АКПАРАЛИЕВНАНЫН БАРАКЧАСЫНАН АЛЫНДЫ)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости