www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Отуздан ашык кулагы укпаган жаран Казакстандын эки жаранына алданып калышкан. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
«2023-жылдан баштап 2025-жылга чейин аларды Казакстандан 2 жаран келип, арзан баада батир алып беребиз деп алдаган. Мындай адамдар чынында өтө ишенчек болот. Сабаттуулугу боюнча да көйгөй бар.
Анан алар ишенип, Казакстанга 20 млн сом которгон. Азырынча ортомчулар гана камакта. Ал эми анын уюштуруучулары эркиндикте жүрөт.
ИИМ Казакстандын полициясы менен биргеликте териштирүү жүргүзсө. Булар өзгөчө категориядагы инсандар», - деди ал.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев азыркы убакта уюштуруучулар Казакстан Республикасында экенин айтты.
«Биргелешкен макулдашуунун алкагында топ түзүп, ошонун алкагында иш алып барабыз», - деди ал.