www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куудул Тынар Курбаналиев өзүнүн тамаша азилдерин элге тартуулап келет. Акыркы берген концерти болуп өткөн шайлоого байланыштуу "Чык эшикке" деп аталды. Куудул Рахман Разыков менен биргелешкен концерт аншлаг менен өттү. Анда ал саясатчыларга тийишип, Кыргызстанда "любой" нерсе сатылат, жада калса тоолорду кыркып-кыркып сатып ийип атабыз го дейт. Концертке белгилүү куудулдардын азыил-тамашалары да коштолду.

Депутаттардын мандат сатып алган сценкасы элдин купулуна толуп, маанайларын көтөрдү. Картошка саткан сатуучунун жанына отуруп алып,мандат саткан Тынарга эл жылмайып каткыра күлүштү. Айрыкча, анын учакка отуруп бара жаткан жүргүнчүнү аткарганы элдин боорун эзди.

Тынар Курбаналиевден жаңы жана боорду эзген тамашаларын эл күтүп калганы сезилди. 

Тынар Курбаналиевге бекем ден соолук жана мындан ары чыгармачылык ийгиликтерди каалап кетмекчибиз.

Жазгүл Урмамбетова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости