www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүлүүдө

Кумтөр боюнча депутаттык комиссия түзүлмөй болду. 17-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда күн тартибине бул маселени «Республика – Ата Журт» фракциясынын депутаты Жыргалбек Турусбеков сунуштап, депутаттар колдоду.

Турусбеков өз сунушун "жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш коопсуздугу менен элдин социалдык экономикалык абалын жакшыртууга байланыштуу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүү комиссиясын түзүү зарыл болууда" деп негиздеди.

Фракциялар комиссиянын мүчөлүгүнө депутаттарды сунушташты. Алар - Акылбек Жапаров, Үмбөталы Кыдыралиев, Эрмамат Тагаев, Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров. Азыркы тапта бул комиссиянын курамын депутаттар талкуулап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости