www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизги талапкер Теңиз Бөлтүрүк Канадада жашап, иштейт. Тоо-кен тармагында 30 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар. Ал эми Мексикадан келген Абыл Сыдыков бул тармакта 26 жылдан бери эмгектенип жүргөнү айтылууда.

Эгер "Кумтөр Голд Компани" ишканасын сырттан башкаруу боюнча токтом кабыл алынса, компанияга ким жетекчи болорун Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында аталган мекеменин ишин текшерүү боюнча комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Бүгүн парламентте аталган ишкананы сырттан башкарууга алуу маселеси каралып жатат. Анда депутат Улукбек Ормонов компания кыргыз өкмөтү тарабынан башкарыла турган болсо ким жетекчи болоруна кызыкты.

Акылбек Жапаров учурда жетечилик кызматка Канададан чакырылган тоо инженери Теңиз Бөлтүрүк жана дагы бир вариант катары Мексикадан келген адис Абыл Сыдыков даярдалып жатканын айтты.

"Теңиз Бөлтүрүк ушул тапта Казакстанда бир долбоорду ишке ашырып жаткан экен. Ал чакырылды. Кызыкчылыктар кагылышы болбосун деп ал Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешинен чыгып кетти. Ал эми Абыл Сыдыков Мексикада иштеп жүрөт, бул жакка эмгек өргүүсү учурунда келди. Иштеп бер десеңер Кыргызстанга кайра көчүп келем деп жатат", - деди Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости