www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салиевич Курманбек Бакиев сыртта жүрсө да кыргыз элинин тагдырына кайдыгер эмес. Баткен эли Курманбек Салиевич Бакиев үчүн жат эмес. Баткен эли сабырдуу, кайраттуу, мээнеткеч ыймандуу, ынсаптуу эл. Кудайдын сыноосу экен ушундай каргашалуу окуя болуп кетти. Айла жок. Жалпы кыргыз эли сыяктуу четте болсо да, Баткен элинин сыноосуна кайдыгер болбой биринчилерден болуп, 28,29,30-апрелде болгон кандуу окуяда болгон каргашалуу аза кайгыны Баткен эли менен Курманбек Салиевич тең бөлүшөт.

Баткен элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, сабырдуулука, биримдике чакырат.

Кайдыгер болбой дароо Баткен шейиттерине аталык милдетин жасап, ооз ачтырып, куран окутту.

Анткени Курманбек Салиевичтин атынан жыл сайын Россия мамлекетинде эмгектенип, иштеп, жашап жүргөн кыргыз мигранттар арасында алты жылдан бери түрдүү шаарларда кыргыз мигранттар көп жайгашкан шаарларда миңдеген мигранттардын катышуусунда ифтарлар, ооз ачарлар өткөрүп, катмы, курандар окулуп, кыргыз элине тынчтык, амандык тилеп куран окутулуп келет.

Быйылкы ооз ачар, 2021- жылкы орозо айына карабастан Тажик мамлекетинин Баткен элине көрсөткөн агрессиясынан каза болгон шейиттерге арналды.

Курманбек Салиевичтин атынан КУРАН ОКУЛДУ.

Ооз ачарга, Баткен шейиттерине куран окутууга:

1. Санкт- Петербург шаарында - 400 киши.

2. Новосибирск шаарында- 500 киши

3. Екатеринбург шаарында - 400 киши

4. Москва шаарында- 400 киши

Жалпы 1700 киши Ооз ачар,Баткен шеиттерине куран окуп, дуба кылуу иш чарага катышты.

Россияда жүргөн мекендештерибиз да аман болсун.

Ушул Ооз ачар, куран окутуунун уландысы Баткен жергесинде уланды.

Орозо айынын жыйынтыгы менен 13- май Айт майрам күнү Баткен жергесинде жабыр тарткан, каза болгон, жарадар болгон үй-бүлөлөрдөн кабар алып, Курманбек Салиевичтин эки бир тууганы Авазбек Салиевич жетектеген өкүлдөр аксакалдар менен кошо Баткен жергесиндеги чек арада жашаган жабыр тарткан элге барышты.

Жергиликтүү бийликтерге, атайын штабга жолугушкан же кайрылышкан жок.

Үйү күйүп кеткен жарандарга, каза болгон жарандардын, жарадар болгондордун үй-бүлөсүнө, элдин сунушу боюнча, Курманбек Салиевичтин каалоосу боюнча, жабыр тарткандарга түз жолугуп, абалдарынан кабар алып, куран окуп дуба кылышты. Жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн өз колдоруна накталай акча менен өз керектөөлөрүнө жумшап, айт күнү бир аз болсо да сүйүнүп калышсын деген максат ишке ашырылды. Мадина кызыбыздын ата-энесине, каза болгондорго, жолугушуп, куран окуп, дуба кылышты.

Баткенде үйү күйгөндөргө, каза болгондордун, жарадар болгондордун үй-бүлөсүнө жалпы 89 үй-бүлөгө 4 миллион 440 миң сом акча каражатын Алланын ыраазычылыгы үчүн тизме менен бөлүштүрүп, өз колдоруна аманатты жергиликтүү адамдардын көрсөтмөсү, сунушу менен Курманбек Салиевичтин аманатын өз колдоруна, түз тапшырылды. Жеринде шейит кеткендерге куран окуп, дуба кылып кайтышты. Медина кызыбыздын ата-энесине да жолугушуп, куран окушту, көңүл айтып, аза, кайгыларын тең бөлүшүштү.

Баткендик мекендештерибизге мындан ары да колдон келген жардамын аябайт.

Баткен шеиттеринин жайы жаннаттан болуп, сурактарын жеңил кылып,күнөөлөрүн кечирип, Кудайым бейишин берсин. Баткен окуясы экинчи кайталанбасын, чек аралар такталып, тосулуп, элибизде тынчтык, биримдик болсун. Көз жаштар төгүлбөсүн. Курманбек Салиевичке ден-соолук, амандык болсун. Жакшы ниеттери кыргыз эли менен бирге болсун. Баткен элинин кайгысын тең бөлүшүп, аза кайгысын тең бөлүшкөндүгү үчүн шейиттерге арнап куран окутуп дуба кылдырып, Баткен жеринде материалдык жардам көрсөткөндүгү үчүн Алла ыраазы болсун.

Бул саясат эмес. Тек гана жарандык, мусулманчылык парз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости