www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарында киши өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБи тастыктады.
Маалыматка караганда, 5-ноябрда Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө Ысык-Көл облустук ооруканасынан бычактан алган жаракаты менен 34 жаштагы Ч.А. жергиликтүү тургун жаткырылды деген кабар түшкөн. Жабырлануучу өзүнө келбей ооруканада көз жумган.
Бул факт Каракол ШИИБине Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киши өлтүрүү беренеси менен катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Ыкчам иликтөө иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип 51 жаштагы Т.Т. аттуу Каракол шаарынын тургуну кармалган.
Белгилүү болгондой, маркум менен кылмышка шектүү “Кумтөр” комбинатында бирге иштешчү. Шектүү тоо-кен өндүрүш тармагынын башкаруучусу, ал эми маркум комбинатта диспетчер болчу. Жумуштан кийин алар Каракол шаарындагы үйүнө кайтып келе жатышып экөө айтыша кетишкен. Каза болгон адам мас абалында кылмышка шектүүнүн автоунаасын тээп жиберген. Буга жини келген Т.Т. аны бир нече жолу бычак менен сайып салган.
Кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын караган Каракол шаардык соту аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда тергөө иши жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg