www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кумтөр голд компани" жабык акционердик коому анын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктүн алтын кен тууралуу жазган катына жооп кайтарды.

Урунттуу учурлар:

Теңиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык башкарды, бирок "кооз сөздөр жана жомоктогудай айлык алган шектүү кишилерди ишке тартуудан башка эч кандай реалдуу кадамдар болгон жок";

ушул убакка чейин "Кумтөр" анын "ийгиликтүү" башкаруусунун кесепетин жоюуга аргасыз болуп келет. Бөлтүрүк жалдаган "кымбат" экспаттардын бардыгы ата мекендик адистерге алмаштырылган;

алтын кенинде геологиялык иштер кызуу жүрүп жатат. Карьерден 135 тоннадан ашык алтын алынса, дагы 112,6 тоннасы калдык сактоочу жайда турат;

калдыктарды кайра иштетүү технологиясын тандоо боюнча сынак аяктады. Жылына 12 миллион тоннага жакын калдыкты кайра иштетүү пландаштырылууда;

дамбанын курулушу катуу көзөмөлгө алынгандыктан калдык сактагычтардын толуп калуу коркунучу жок.

Эске салсак, бир күн мурун "Кумтөр голд компани" ЖАКтын мурдагы жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк Кумтөр 2025-жылы жабылып калышы мүмкүн деп айткан.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат.

Андан мурда Эсеп палатасы "Кумтөр голд компани" ишканасынан финансылык алешемдиктерди аныктап, компания жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк менен финансы директору Рыспек Токтогулов кызматтан четтетилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости