www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрүнөн кыргыз тилин билбегени үчүн кечирим сурады.

Депутаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Венгриянын өкумөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндөгү келишимдин долбоорун талкуулап жатышканда, тиешелүү бөлүмдүн баяндамачысы орус тилинде сүйлөгөн.

Эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев чиновниктен кыргыз тилин билесизби жана эмне үчүн парламентте мамлекеттик тилде сүйлөбөйсүз деп сурады.

"Мен кечирим сурайм. Бул менин күнөм. Мен кыргыз болуп туруп, кыргызча сүйлөй албаганым үчүн уялам. Кыргыз тилин жакшы түшүнөм, бирок өз оюмду анда айта албайм. Мен орус мектепти, орус институтун бүтүргөм», - деди Тимур Аскаров.

Айсулуу Таланбек кызы

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости