www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын башкы инженери менен маек.

-- Нурмат иним, суук күчүндө, силерге тийешелүү аймактарда отказандар жарылып кетпей, жылуулуктан ажырап калбай, баары ордундабы?

-- Маалым болгондой, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана жылуулук энергиясы менен негизинен Бишкек шаарынын батыш жана түштүк-батыш аймактарын камсыздайт. Белгилей кетсек Жал кичирайону, Жилгородок, Ботсад, Газгородок, Киркомстром сыяктуу райондор, 4-шаардык оорукана, Пишпек аймагы жана батыш, түштүк-батыш аймактарында жайгашкан мектептер, бала бакчалар жана башка ишкана мекемелер тейленет.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын негизги милдети – жылуулук энергиясын өндүрүү жана аны керектөөчүлөргө жеткирүү. Бүгүнкү күндө «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы 74 откананын 149,7 чакырым жылуулук тармактарын тейлейт. 74 откананын 22си көмүр, 40ы жаратылыш газы жана 12си электр энергиясы менен иштейт. Учурда баардык отканалар штаттык режимде иштеп жатат.

-- Үзгүлтүккө учураган жагдайлар барбы жана алар эмнеден болуп атат?

-- Жылуулук берүүнүн үзгүлтүккө учурашынын бирден-бир себеби – электр энергиясынын өчүрүлүшү. Электр энергиясынын суткасына 2 саатка өчүрүлүшү кандайдыр бир деңгээлде откананын операторлорунун ишин кыйындатат жана тармактык насостордун өчүрүлүшүнө байланыштуу жылуулукту белгиленген температурада кармап турууга мүмкүндүк болбой калат. Ошого карабастан керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыз кылууга бүткүл аракеттер жумшалууда.

-- “Көмүр тартыш” деген маалымат силерге канчалык деңгээлде тийешеси бар?

-- Көмүрдүн запасы жеткиликтүү. Керектөөчүлөр жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз болушат, бу жагынан кабатыр болушпасын.

Булак: Азия News гезити

Последние новости