www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күч органдарында иштеген адам аялына кордук көргөзгөн

24-январда «АКИpress» агенттигинде өткөн маалымат жыйында жактоочу Айжан Жуманалиева президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

Жактоочунун айтымында, өткөн жылы 20-ноябрда Айзада аттуу келин балдарынын көзүнчө катуу сабалган. Анын жолдошу Б.У. күч органдарында иштейт.

«20-ноябрда кечинде Айзада менен жолдошу Б.У. коноктон келгенден кийин уруша кетишкен. Б.У. мас болчу, ал балдарынын көзүнчө Айзаданы сабаган. Айзада апасын, тез жардам кызматын жана милиция кызматкерлерин чакырган. Милиция окуяны үйбүлөлүк зомбулук катары каттаган. Айзада 2-декабрга чейин ооруканада дарыланган. Ошондой эле, Айзада коргоого алынып, жолдошуна Айзада менен көрүшүүгө тыюу салынган. Соттук-медициналык экспертиза Айзадага ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген жеңил жаракат алган деген корутунду чыгарган.

Бирок Б.У. кызмат абалын пайдаланып, Айзада ооруканада дарыланып жатканда коркутуп-үркүтүүсүн уланткан. Ал дагы милиция кайрылып, Айзада тарабынан зомбулукка кабылганын айтып, арыз жазган.

Б.У. Айзададан милицияга жазган арызын алууну талап кылып, кайын энесин да коркуткан. Айзада балдарын багуу үчүн унаасын саткан. Бирок Б.У. унааны сатып алган кишини таап, унааны тартып алган. Айзадага катталган унааны сатып алган киши милицияга кайрылып, учурда ал айып короодо турат.

Буга чейин тергөөчүлөр 2 ирет Айзаданын арызы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Б.У. менен Айзада 5 жыл чогуу түтүн булатышкан. Экөөнүн ортосунда 2 бала бар. Бири 3 жашта, бири 10 айлык. Ошондой эле, Айзаданын колунда биринчи никесинен 10 жаштагы баласы бар. Б.У. буга чейин дагы Айзадага кол көтөрүп келгени белгилүү болду.

Айзада ажырашууну чечип, сотко кайрылды», - деди жактоочу.

Ал Б.У.ну тергөөгө жана сот процесстерине таасир этпеши үчүн убактылуу кызматтан четтетип турууну талап кылды. Ошондой эле, бийлик өкүлдөрүнөн бул окуяга көңүл бурууну суранды.

Айсулуу Таланбек кызы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости