www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Максим Бакиевге кызмат кылгандар бийликке келип калышып, анын айланасындагылар ачыкка чыга башташты. Алардын жашоосу менен элдин жашоосун салыштырса айырмасы асман менен жердей.
Бирөөсү 5000 кв/м кеңсесине экинчисин көчүрүп келип, айына 85 миң доллар алса, экинчиси Кумтөрдүн акчасын каалагандай чачкан бети калың неме экен, элден тартынбай чет элдиктерден уялат имиш.
Бети калың “уялчаактын” бир жылдык чыгымы 100 миллион сом болсо, анын айлык акысы канча? Мындай көргөн-өскөнү жаман ачкөздөрдөн кайдагы жакшылыкты күтүүгө болот? Булардын кооз сөздөрүнө ишенген кыргыз эли иш жүзүндө ит жашоого туш болушту.
Азык-түлүктүн баалары асманга чыгып кеткенин дүйнөлүк кризиске шылтаган шылуундар өздөрүнүн коррупциялык жана мафиялык иштерин жаап-жашырып келатышат.
Коррупцияга каршы күрөш тандалма жүрүп жатканын, “кустурулган” акчалар кай жакка кеткени белгисиз экенин кыргыз коомчулугу бир жылдан бери айтып келатат.
Бирок ошол дайынсыз жоголгон акчалардын бир сому Кытайдын карызына төлөнбөй калыптыр го. “Анда кайда кетти? Кимдердин чөнтөгүнө түштү?” деген суроолор жаралат. Жооп катары айлык акылардын, пенсия-пособиелердин көбөйгөнү айтылууда.
Кумтөрдүн соңку алтыны, Россиядан келген миллиондор кайда кеткенин ким билет? Эми саясат жагын айтсак. Мындан 30 жыл мурда АКШ баш болгон капиталисттер “өзүн-өзү жок кылуу системасын” түзүп берип, Конституция менен бекемдеп беришкен.
Ар бир президент өзүнүн тууган-туушкандары, жердештери, балдар-кыздары менен мафиялык топко биригишип, коррупциялык иштерин жүргүзүп келатышат.
Булардын бир гана милдети – АКШнын саясатын ашыгы менен аткаруу болсо, калганын өздөрү билишет. Кыргыз мамлекетин жеке менчиги катары көрүп алышкан. Президенттердин арасынан жалгыз гана Алмазбек Атамбаев АКШнын саясатына каршы чыгып, алардын согуштук авиабазасын айдап чыгып, Кыргызстан үчүн ири долбоорлорду ишке ашырды.
Элин-жерин сүйгөн патриот инсан катары таланып-тонолуп бүткөн Кыргызстанды калыбына келтирди. Эл аралык деңгээлде анын кадыр-баркы жогору болуп, Кыргызстандын тышкы карыздарын жоюп берген Россия президенти В.Путин Атамбаев менен достук мамиле түзгөн.
Ал кеткенден кийин коррупция, мафия кайрадан гүлдөп, Кыргызстан мурдагы таз кейпине келди. А.Атамбаевден корккон шылуун топтор биригишип, жылдап каралап, элдик адамды түрмөгө отургузушту.
Бүтүндөй бир мамлекеттин коррупциялык бийлиги жалгыз адамды күчкө салып болсо да камакка алышты. Бирок болуп жаткан жапайычылыкка күбө болгон кыргыз эли коррупциялык бийликти кууп чыкты.
Муну тоготуп да койбогон наадандар бийликтен кетпей коюшуп, көмүскө бийлик катары кала беришкен. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев алдыга карай аракет кылышып, ортодо кыргыз эли чайналып жатат.
Эски-жаңы бийлик итжыгылыш болуп жатканынан пайдаланган мурдагы президенттер кайрадан баш көтөрүшүп, өздөрүн мактап-жактап, элдин кыжырын кайнатып бүтүштү. Бирин-бири жөлөп-таяп отурушуп, пайдасынан зыяны көп немелер Кыргызстанга чогулуп алышса, жарылып кетүү коркунучу бар.
Буларды тайраңдатып коюп кыргыз эли карап отурбасы белгилүү. Кыргызстанды сактап калуу эки адамдын колунда. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция менен мафиянын фигуранттарына айланган Бөлтүрүктү эски ордуна көчүрүп, Кыргызстанды жарга сүйрөгөн “экономистке” чара көрүүлөрү керек.
Же коррупциялык Кыргызстандын стратегиялык объектилерин Кытайга өткөрүп берүү аракети болуп жатабы? Экспансия саясаты ишке ашып, камыр-жумур болуп аралашып кетсек, саясый үстөмдүгүн орнотуп алышса кантебиз?
Андай болсо коррупция менен мафия атылып жок болуп, кыргыз эли коммунисттик Кыргызстанга айланабызбы? Илгерки СССР убагындай...
Булак: Азия News гезити