www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-июлда өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин жыйыны өтүп жатат.
Жыйындын жүрүршүндө Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мамкурулушту көптөгөн мыйзам бузууларга жана коррупцияга айыптады.
Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетибаев анын пикирине кошулуп: «Мамкурулуштун мурдагы жетекчиси Бактыбек Абдиев Асаналиев жана жеке адамдар менен биргеликте туруктуу коррупциялык схеманы жана топту түзүп, Бишкектин түштүк аймагындагы бардык мыйзамсыз курулуштарды жүргүзгөн», - деди.
Ал Мамкурулуштагы коррупция бир жерден башталып, ал жерде «Абдиевдин адамдары» да, анын ичинде жубайы да отурганын дагы бир ирет баса белгиледи. «Абдиев Мамкурулушка келип, кетип жүрүп, эми азыр Бишкектин вице-мэри болуп отурат», - деди Жетибаев.
Булак: NazarNews.kg