www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын дыйкандарына Казакстандан гуманитардык жардам катары берилген үрөн сатылган. Бул тууралуу бүгүн Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйынында билдирди.

Жарандык активист Атай Бейшенбек министрге суроо берип, министрлик Казакстан гуманитардык жардам катары жөнөткөн үрөндөрдү саткан деп айыпталып жатканын билдирди.

Аскарбек Жаныбеков маалыматты тастыктады. Анын айтымында, чындап эле казактардын үрөнү сатылган.

«Алардын көлөмү 1000 тоннаны түзсө, Кыргызстанда 450 миң дыйкан бар. Бул баарына жетишсиз болмок. Баарына бирдей шарт түзүү үчүн бул үрөндөр башкалар менен кошо 1,2 сомдон сатылды», - деп жооп берди чиновник.

Быйыл Кыргызстанга жалпысынан 24 тоннадан ашык ар кандай айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү жеткирилгенин Аскарбек Жаныбеков билдирди. Алар үч өлкөдөн алынып келинген: Орусия, Өзбекстан жана Казакстан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости