www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жумаларда  өзбекстандыктар нак акчанын жана чет элдик валютанын жетишсиздигине даттанышууда.

Соцтармактарда тараган сүрөт, видеолордон өзбекстандыктар акча чыгаруу үчүн банкоматтарда кезекте турганын көрүүгө болот. Алардын айрымдары банкоматтарга бир нече күндөн бери акча салынбай жатканын билдиришүүдө.

Бул арада Өзбекстандын Улуттук банкы 2022-жылы январь-июнь айларындагы акча которуу жөнүндө маалымат берди. Ага караганда, биринчи жарым жылдагы акча которуунун көлөмү 6,5 млрд долларды түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп.

Экономисттер нак акчанын тартыштыгы Украинадагы согуш, Орусиядагы санкциялык чектөөлөр менен байланышта экенин билдиршүүдө.

Нак акча тартыш болуп жаткан маалда банктоматтардан акча чыгаруу үчүн алынган комиссия да көтөрүлүп кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости