www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет өлкөдөн кайтып келген КР жарандары боюнча иш-аракеттер алгоритми боюнча министрлик маалымат берип, "Ак Кеме" обсервациясындагы сүрөт менен бөлүштү.

Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми боюнча чет өлкөдөн келип жаткан жарандардан COVID-19 вирусуна ПЧР диагностикага анализдер алынат. Үч күн бою алар карантиндик зонада болушат. Эгерде анализи терс болуп, адам байланышкандардын катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет.

Эгерде үйдө тийиштүү шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат. Анализдин жыйынтыгы коронавирустун бар экенин көрсөтсө, жаран стационарга дарыланууга, ал эми анализи терс болгон байланышкан адамдар медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат.
Эске салсак, бүгүн, 16-майга карата илдетти жуктургандардын саны 1117ге жетти. Анын 783ү сакайып кеткен болсо, 14ү көз жумган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости