www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күндүн табы +46 градуска жетет

Өзбекстандын аймагында 6-8-июль күндөрү абанын температурасы +46 градуска жетет деп күтүлүп жатат. Бул маалыматты Өзбекстандын гидромет кызматы билдирди.

Буга байланыштуу Президенттин администрациясы өкмөткө тапшырма берип, жарандардын ден-соолугун коргоо багытындагы өзгөчө кырдаал чараларын көрүүнү табыштады. Ошондой эле адамдар көп топтолгон жерлерде медициналык пункттар уюштурулушу керек.

Жарандарды өз ден соолугуна кам көрүү менен ысыктан сактануу эрежелерин сактоого чакырып жатышат. Ошондой эле тамак-аштан уулануу кырсыктарын алдын алуу чараларын көрүү тапшырылды.

Кыргызстандын аймагында 4-июлдан 8-июлга чейин абанын температурасы жогорулап — аномалдык ысык болушу мүмкүн. Бул маалыматты Кыргызгидромет билдирди.

Абанын күндүзгү температурасы 4-июлдан 6-июлга чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38…+40 градуска, Талас өрөөнүндө +36…+38 градуска жетет деп күтүлүп жатат.

7-8-июлда Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +39…+41 градуска, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска жетиши ыктымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости