www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэрия шаар тургундарын бак-дарак сугарууга чакырды

Бишкек мэриясы шаар тургундарын бак-дарак сугарууга чакырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жакынкы аралыкта Бишкекте күн мындан да ысышы күтүлүүдө. Борбордук Азия аймагы, анын ичинде биздин өлкө сугат суусунун кескин тартыштыгын баштан кечирип жаткандыгын эске алуу керек. Ушуга байланыштуу, урматтуу жарандар,мүмкүн болушунча үйүңүздүн жанында өсүп турган бир бакты, көчөттү, бадалды сугарганга аракет кылыңыз. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында гана биз сүйүктүү борборубузду өнүктүрө алабыз. Шаарыбыздын өнүгүшүнө өз салыңызды кошуңуз. Дарактарды эртең менен 9:00гө чейин же кечки 19:00дөн кийин сугаруу керек", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости