www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баку шаарында ТҮРКПА Катчылыгында Кыргызстан менен Азербайжандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган "Азербайжан-Кыргызстан: кызматташтыктын жетишкендиктери жана келечеги" аттуу тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ТҮРКПАдан билдиришти.

Иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты К.Иманалиев, ошондой эле Азербайжандын Милли Межлисинин депутаттары, "Азербайжан-Кыргызстан" парламенттер аралык жумушчу тобунун мүчөлөрү М.Гулиев, С.Велиева, Н.Жафаров катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү аспектилери аныкталды. Депутаттар жемиштүү кызматташуунун негизи болгон орток тарыхый жана маданий мурастардын маанилүүлүгүн белгилешти.

Тегерек столдун алкагында ошондой эле “Кыргыздар” китебинин (азербайжан тилине котормосу) бет ачары болуп өттү.

Кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана мурасын чагылдырган китептин автору - КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев. Бул китеп буга чейин алты чет тилде басылып чыккан.

Ошондой эле, азербайжан жазуучусу жана акыны Адил Жамилдин "Манас" китебинин бет ачары болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости