www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылардын Республикалык кароо сынагын өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Сынак мыкты манасчыларды коомчулукка таанытып, улуу өнөрдү жайылтуу максатында уюштурулууда.

Мелдешке 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат. Иш-чаранын 1-баскычы район, шаар, маданият борборлорунда 20-июль күнү өткөрүлсө, 2-3-баскычтары Бишкекте 5-августта боло турганы кабарланды. 

Алдыңкы орунду камсыз кылган манасчыларга диплом жана акчалай сыйлык тапшырылып, Нарын облусунда өтүүчү фестивалга катыша алат.

Кароо-сынакка катышууну каалагандар паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана арызды министрликтин [email protected] электрондук дарегине жибере алышат. Байланыш номерлери: 0312 66-24-04, 0774 36-95-10, 0709 21-07-33.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости