www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

+40 градус: Автоунаада калган 2 жаш бала каза тапты

Россиядагы Ростов облусунун Камен районунда автоунаанын ичинде 4 жана 2 жаштагы кыздар каза таты. Унаа турак үйдүн короосунда токтотулган. Бул факт боюнча кокустуктан өлүмгө жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, эки кыз күндүн ысыгында үйүнүн короосунда ойноп жүрүшкөн. Ошол тарапта токтогон автоунаанын ичине түшкөнүн эч ким байкабай, апасы өз алдынча издеп таппагандан кийин полицияга билдирген. Кийинчерээк 2 баланын денесин автоунаадан таап чыгышкан.

Алдын ала болжол менен өлүмгө жогорку атмосфералык температура себеп болгон.

Июндун ортосунан бери Ростов облусунда абанын температурасы жогору. Куткаруучулар ишемби күнү ысык +40 градуска жете турганын эскертишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости