www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу кыргызстандыктарды Суданда армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн куралдуу кагылышынан улам кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу бул өлкөгө баруудан баш тартууну сунуштайт.
Бул өлкөдө жүргөндөргө жашаган жеринде калуу сунушталат: аэропортторго, аскердик базаларга жана өкмөттүк кварталга жакын аймактарга баруудан алыс болуңуз.
Кыргызстандын Сауд Аравия Королдугундагы элчилигинин акыркы маалыматы боюнча, Суданда Кыргызстандын 7 жараны жүрөт, алардын үчөө БУУнун Хартумдагы кеңсесинде иштешет.
Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө, ал эми элчилик Суданда жүргөн КР жарандарын тактоо иштерин улантат.
Булак: NazarNews.kg