www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күртстан Жумушчу партиясынын өкүлдөрү Стамбулдагы кол салууга тиешеси жоктугун айтышууда. Бул тууралуу Күрттөрдүн Rudaw телеканалы Жумушчу партия менен байланышы бар Элдик коргонуу борборунун командиринин сөзүнө таянып билдирди.

Анын айтымында, Күртстан Жумушчу партиясынын «бул окуяга эч кандай тиешеси жок». Билдирүүдө партия өкүлдөрү да кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты.

13-ноябрда Стамбулдун борборунда жардыруу болуп, анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 80ден ашууну жаракат алган.

Буга чейин 14-ноябрда түрк бийлиги террорчу деп шектелген адам кармалганын билдирген. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, алдын ала маалыматтарга караганда, чабуулдун артында Түркияда тыюу салынган уюмдар – Сирияда иш алып барган Күртстан Жумушчу партиясы жана Демократиялык биримдик партиясы турат. Ал ошондой эле Түркия "кол салуу кайда координацияланганын" биле турганын жана АКШнын жарылууга байланыштуу көңүл айтуусун кабыл албасын билдирди.

Күртстан жумушчу партиясы Түркиядагы күрттөрдүн саясий укуктары жана Түркиянын курамында күрт автономиясын түзүү үчүн күрөшкөн уюм. 1978-жылы негизделген. Түркия, АКШ жана ЕБ өлкөлөрүндө террордук уюм катары таанылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости