www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинада ок атышууну токтотууга жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого чакырды. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.

Алар мындай билдирүүнү Индонезиянын Бали аралында өткөн жолугушууда жасашты. Си Цзиньпин Кытайдын Украина боюнча позициясы өзгөрбөй турганын баса белгиледи. Ал ошондой эле Пекин Украина маселесин өз ыкмалары менен жөнгө салууга салым кошууну көздөп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде француз лидери Пекин менен бирге «тынчтык глобалдык өнүгүүгө көмөктөшүүгө» Париждин даярдыгын билдирди.

Чоң жыйырмалыктын саммити Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрда өтүүдө. Орусиянын президенти Владимир Путин иш-чарага катышуудан баш тартты, анткени кырдаал мамлекет башчысын өлкөдө болуусу артыкчылыктуу экенин көрсөтүп турат, деп билдирди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков. Саммитке Орусиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости