www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- Биздин экономиканы кармап турган, экономикага чоң салым кошкон мигранттардын акчасы эмеспи. Бирок мигранттар доллар жөнөтсө, бул жактагы банктардан жакындары алалбай, чек коюп, мамлекет даяр акчаны алууга да шарт түзө албай жатат. Курман мырза, чет өлкөлөр менен иштешип келесиң. Валюта алуу кандай көйгөйлөрдү жаратууда? Чечсе болобу?
-- Баарыбыз, мен өзүм деле доллар боюнча жөнөтүлгөн акчаны ала албай азабын тартып жүрөм. Бул учурдун көйгөйлөрү болуп турат. Биздин мамлекет да Орусияга салынган санкцияларга байланды.
Ортодо жол издешкени менен туңгуюкка кептелип жатышкандай. Бул жакынкы күндөрү табыла турган жол эмес. Мамлекеттер келишпестигинин кесепети. Биздин мамлекеттин бул маселени чечүүгө күчү жетпейт.
Себеби, экономикабыз мигранттарга байланган. Бул өтө чоң маселе. Өзүбүз да бир айласын тапсак болмок, бирок чара жоктой сезилип турат. Орусияда да долларды кармаганга 1% комиссия киргизип койду.
Бизде бул абалга жооп жок болуп, кыйын акыбал түзүлүүдө. Бул да Орусия-Украина тирешинин, коюлган санкциялардын бизге тийген кесепеттери. Бирок акырындап мамлекет жол табат деген ишеничтемин.
Булак: Азия News гезити