www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон алты киши Кумтөр иши боюнча сырттан эркинен ажыратылды. Мындай өкүмдү Биринчи май райондук соту ушул жылдын 1-мартында чыгарганын аталган мекеме тастыктаган.
Маалыматка ылайык, Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин ("Коррупция") 2-бөлүмү ("Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген жосун") боюнча айыптуу деп табылып, 10 жылга кесилген. Бирок мурда башка дагы сот чечимдери болгондугуна байланыштуу Бакиев жалпы 30 жылга соттолду. Мындан сырткары, мүлкүн конфискациялоо боюнча бүтүм чыккан.
Кумтөр иши боюнча Курманбек Бакиевден башка дагы 6 адам соттолуп, мүлкү конфискацияланат:
Максим Бакиев 13 жылга кесилип, бирок буга чейинки сот чечимдерине ылайык өмүр бою эркинен ажыратылмай болду;
Алексей Елисеев 12 жылга соттолду, бирок ал дагы мурунку иштерине байланыштуу жалпы 30 жылга эркинен ажыратылды;
Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев 10 жылга кесилип, мурунку сот өкүмдөрүнө ылайык, 13 жыл жаза мөөнөтү аныкталды;
финансы министринин мурдагы орун басары Эмирлан Төрөмырзаев 12 жылга эркинен ажыратылды;
мурдагы тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жээнбеков 10 жылга кесилет;
өкмөттүн мурдагы юристи Елена Белковская 9 жылга соттолду.
Учурда айыпталуучулардын бардыгы чет мамлекетте, аларга издөө жарыяланган.
Булак: NazarNews.kg