www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тергөө менен кызматташуу деген келишимди жоюу керек. Мындай пикирин Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги тармактык комитеттин жыйынында айтты.
Ал Жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизүүдө ушул маселеге көңүл бурулуп жатканын, өзгөртүүлөр парламенттин кароосуна киргизилерин билдирди.
«Жаңы кодекстерге өзгөртүү киргизе турган болсок, тергөө менен кызматташуу деген түшүнүктү жоюу керек. Себеби ал өзү кутулуу үчүн күнөөсүз кишиге айыпты оодарып, тергөө оңой жолго түшүп алды. Бүгүн тергөөчүнүн кесипкөй деңгээли, ыкчам кызматкердин кесипкөйлүгү маселе жаратпай калды. Анткени тергөө менен кызматташууга барса, бүттү, ошонун көрсөтмөсү менен башканы жоопко тартып, өзү жеңил жаза алып кетип жатат. Бул - мыйзамдагы мүчүлүштүктөр», - деди Зулушев.
Булак: NazarNews.kg