www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кесиптештерим көп учурда ката кетиришти”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.

--“Депутаттар албетте ката кетирди. Таза иштеди дегенден алысмын. Билбей туура эмес нерселерди колдоп алган учурларлы болду. Ошондуктан мыйзамдарды жакшы билиш керек. Мен кесиптештериме карата айтылган сындардын жөнү бар деп эсептейм. Коомчулук көп нааразычылыгын айтышты. Эл өкүлү болуп өздөрүнүн адамдарын мамлекеттик кызматтарга жетекчи, аким кылышты. Алардын сабаттуулугуна көңүл бурушпайт. Мен аймактарга барганда кээбир акимдер өздөрүнө тиешелүү мыйзамдарды билбей коюшкан. Мамлекеттик жетекчилерди тааныш-билиш болуп келгени билинип калат. Таанышынын аркасы менен келген кызматкерлер ката көп кетирет. Карапайым эл эле кыйналат. Ката кетирген жетекчилер жоопкерчиликти алышпайт. Баары эле аппак болуп, бири-бирине түртүп, качып кетишет. Андыктан Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик кызматтарга сабаттуу, мекенге ак иштейм деген кадрларды коюшса.

Ошондой эле коомчулукта бизге карата ар кандай жаман сындар айтылып келет. Аларды дагы туура кабыл алабыз. Элдер ойлойт, депуттардын тизмесин президент түзөт деп. Андай эмес, тизмелерди ар бир партиянын лидерлери чечет. Анан эл шайлаганда депутат болуп келишет”, - дейт Орозова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости