www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте 20 жаштагы кыз уурдалганын айтып классташын тамашага салган. Кийин аны милиция аман-эсен, бирок кызуу болуп жүргөн жеринен тапты. Мындай билдирүүнү шаардагы Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы таратты.
19-апрель күнү саат 02:45те милицияга билдирүү түшкөн. Анда Үч-Терек көчөсүнөн 20 жаштагы кызды белгисиз эркек күчтөп Honda Accord автоунаасына салып, Кара-Балта тарапка алып кеткени айтылган.
Милиция бул маалыматты кыздын классташы Э.К. аттуу жарандан алган. Анын айтымында, саат 22:40тан 00:30га чейин классташ кыздар-балдар Үч-Терек көчөсүндөгү балдар аянтчасында отуруп спирт ичимдиктерин ичишкен.
Андан соң кыз А. С. жана А. И. аттуу классташ кыздар менен таксиге отуруп кеткен. Маалыматка караганда, курбулары Ак-Өргө конушундагы үйүнө жеткенде түшүп калып, кыз андан ары Кара-Балтага кеткен.
«Арадан 40-50 мүнөт өткөн соң кыз Э.К. аттуу классташына телефон чалып, канжалап талаада жатканын айткан. Андан соң байланышка чыкпай койгон», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Аталган факт КР Жазык кодексинин 170-беренесине («Адам уурдоо») ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
«Кийин кыз Бишкек шаарында Т.Э. аттуу 25 жаштагы досу менен жүргөн жеринен табылды. Сотко чейинки алдын ала өндүрүш учурунда кыз мас абалында мени уурдап кетишти деп калп айтканы аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.
Соттук өндүрүш уланууда.
Булак: NazarNews.kg