www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баялы Сманкулов жөнүндө маалыматты УКМКнын төрагасына башкача жеткиришкен экен. Мындай пикирин бүгүн, 20-апрелде журналист Элмира Мадиева өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«15 жылдан бери Ош шаардык ички иштер башкармалыгында эмгектенип, акыркы үч жылдан бери ушул башкармалыктын «Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү» бөлүмүн жетектеп келген Сманкулов Баялы Жунузалыевич жана анын туугандарынын акыйкат издеген үнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жетпей келет.
Баңгизаттарга каршы күрөшүп иштеп жаткан Баялынын өзү баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга катыштыгы бар - деген жалаа менен 25-мартта Оштун УКМК кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда ал Оштун убактылуу кармоочу жайында (ИВС) жатат.
Коллегаларынын айтымында, ал баңгизат боюнча ири операцияныны бетин ачуу үчүн күнү-түнү иштеп жаткан. Бирок, ал сөз бат эле ири наркобарондорго жетип калат...
Ошентип, 25-мартта УКМК кызматкерлери алгач анын кабинетин тинтүүгө алышат. Ал жерде Баялыдан башка да эки кызматкер болгон. УКМКнын кызматкерлери алардын көзүнчө эки саат тинтүү жүргүзүшүп, эч нерсе таппай кетип жатышып кабинеттин чок ортосунан 1грамм наркотикалык зат табышкан. Аны өздөрү таштаганы байкалып калгандыктан, протоколго киргизе алышкан эмес...
Андан кийин ошол эле күнү түнкү саат 22:30да үйүнө тинтүү жасашкан. Ал кезде кош бойлуу аялы үйүндө жалгыз болгон. 3 сааттык тинтүү жүргүзүшүп, акырында дивандын чекесине коюп жатканын аялы өз көзү менен көрүп, кыйкырып-бакырганда чыгып кетишкен. Алар оперативдик тергөөнүн жетекчиси Кулуев Данияр, УКМКнын бөлүм башчысы Жунусов Алимбек экенин, 3 грамм гашишти өздөрү таштап туруп, тапкан киши болуп күйөөсүн баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга катыштыгы бар деп күнөөлөп атышат - дейт аялы ыйлап...
Баялы болсо апасына жактоочусу аркылуу «Апа, мен акмын. Корко турган эч нерсем жок. Кымындай да мыйзам бузууга барган эмесмин. Чындыкты болгонун болгондой журналисттерге жеткиргиле» деп жазыптыр» ...
Ошондон бери апасы, аялы, туугандары болгон маалыматты УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге жеткирүүгө аракет кылып жатканын уккан Оштун УКМК кызматкерлери, «ызылдабай ич ара бүтүрөлү, 100 миң доллар берсеңер статьясын өзгөртүп жеңилдик берип, чечебиз» дешип, башында 100 миң доллардан башталган акча учурда 20 миңге түшкөнүн, бирок, ал акчаны биз таап бергенге чамабыз жок дейт» - туугандары.
«Баңгизатка катыштыгы бар кишинин үй-жайы, кенен оокаты болот. Уулум квартирада ижарада турат. Баялыдан кийинки балам ооруп эки жыл мурун Түркияга барып бөйрөгүн алмаштырып келгенбиз. Болгон мал-жандыгыбызды сатып, туугандардын берген жардамы жетпегенде айла жок калың элден жардам суроого мажбур болгонбуз. Сураган акчасын берип Баялыны балээден сууруп кетели десек колубузда эч нерсебиз калбады. Ооруган балабыздын ден-соолугун сактап калалы деп бир эмес, бир нече жерден кредит алганбыз, азыр алардын баары моюнубузда», - деп ыйлайт апасы Жыпар.
«Баялы жөнүндө маалыматты УКМКнын төрагасына башкача жеткиришкен экен. Абийирибиз ачылып калат-деп корккон кызматкерлер бизди Ташиевге жолотпоштун миң аракетин кылып жатышат.
Биздин суранычыбыз: Камчыбек мырза Баялы Сманкуловду Оштун ИВСнен Бишкекке которуп, бул ишти өзү көзөмөлгө алса дейт элек. Себеби, Оштун кызматкерлери тиякта өз билгенин кылып, ишти бурмалап атышат... Акыйкат териштирүү жүрсө уулубуздун актыгы аныкталат эле», - деп ишенимдүү айтышты туугандары.
Бул иш УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев тарабынан көзөмөлгө алынып, иш ордунан жылат деп биз да ишенип туралы...», - деп кошумчалаган Мадиева.
Булак: NazarNews.kg