www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асановдун жансакчысы 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 25-августта чыгарганын күч органдарынан кабарлашты. Пайзылда уулу Дамирбек министрликтин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Айрым бейрасмий маалыматтарга караганда, ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 23-августта анын колуна “кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” деген беренелер боюнча шектүү экени тууралуу билдирүү тапшырылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылганын айткан эле. Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен ачылган ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, "NazarNews.kg"

Последние новости