www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат, элдик патриот Садыр Жапаров, бүгүнкү “Кыргызстан: кече, бүгүн, эртең” деген ураан менен өткөн курултайга өз үнүн кошту. Анда Садыр Жапаровдун сөзүн төмөндө толугу менен келтиребиз.
Урматтуу замандаштар!
Урматтуу курултайдын катышуучулары!
Биринчиден, курултай институту боюнча менин көз карашымды билдирип коюуну сураганыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиремин. Экинчиден, сиздердин убактыңыздарды албай, дароо эле ишке өтөйүн.
Курултай институту сөзсүз баш мыйзамга кириш керек.
Баш мыйзамды алмаштырып, өлкөнү башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртпөсөк болбойт. Бүгүнкү бири-бирин кайталаган башкаруу система менен эч качан алдыга жылбайбыз. Алакандай Кыргызстанды президент өзү башкарыш керек. Мамлекеттин, элдин келечек тагдыры үчүн жоопкерчиликти бир киши мойнуна алыш керек. Бүгүн сан жеткис байлыгыбыз уурдалып кетип, жаратылыштарыбыз талкаланып жатканда, аларды токтотуш үчүн өлкөдө бир кожоюн болуш керек.
Парламент 55 депутаттан ашпай, бир мандаттуу округдардан шайланып келиш керек. Алар мыйзам чыгарып, ошонун аткарылышын гана көзөмөлгө алыш керек. Кадр маселелерине кийлигишпеш керек. Кадр маселесин айыл өкмөттөрүнө чейин президент өзу коюп, ар-бир кадрдын кетирген кемчиликтери, жасаган кылмышы болсо, өзу койгон кадрына эл алдында керт башы менен өзу кошо жооп бериш керек.
Башкаруу системасы үч эле баскычтан туруш керек.
1. Президент
2. Губернатор (же район акимдери)
3. Айыл өкмөттөрү.
Курултай жылына бир жолу баардык аймактардан эл тарабынан шайланып, 2000 кишиге чейин чогулуп, президент менен парламенттен отчёт алып туруш керек. Эгер отчётторуна канаатанбаса отставкага кетирип, жалпы эл тарабынан жаңы шайлоо болуш керек. Мына ошондо гана накта эл көзөмөлдөгөн элдик бийлик орноткон болобуз. Президент да, парламент да жоопкерчиликти сезип, жакшы иштей башташат.
Эмне үчүн баары ичип жеп алып, жооп бербестен кетип калып жатышат?
Эл тараптан сурак жок болгондуктан ошондой болуп жатат.
Эгер ушул система кирсе, жыл сайын элдин көзөмөлүндө болуп турушат. Сол чөнтөкө солонуп кеткен акчалар беш алты жыл өткөндөн кийин ачылбастан, жыл сайын элдин көзөмөлүндө болот.
Азыр биз парламенттик эмес же президенттик эмес башкарууда жашап жатабыз.
Жоопкерчиликти сөзсүз бирөө алыш керек.
Парламент жоопкерчиликти ала албайт. Муну мен эки жолу парламенттин бир мандаттуу жана партиялык тизме менен казанында кайнап, башымдан өткөргөн, өз көзүм менен көргөн адам катары айта алам.
Кыргыздар илгертен бери ар бир кырдаалга бир ооз сөз менен баа берип, сөз баккан элбиз. "Көп суур ийин казбайт-ийин казса да терен казбайт деп коет. Мына ушул сөз эле жетиштүү айтып турат.
Мисал келтирейин. Беш партия парламентке өтүп келди дейли. Үчөө биригип коалиция түзөт. Мамлекетти үчкө бөлүп алышып, айыл өкмөттөргө чейин кадр коюп жатышат. Шоопур, трактористи деле министр болуп жатышат. Айтор баш аламан. Эмне десе, биздин партияга чуркаган дешет же лидер фракциянын тууганы болуп чыгат. Менин досума кызмат жетпей калды дешип, мушташкан күндөрү да болот. Жыйынтыгында мамлекеттин иши жылбай турат. Ар бир тармакта сөзсүз ошол тармак боюнча билим алып чыккан адистер иштөөсү зарыл. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дейт эмеспи .
Суроо жаралышы мүмкүн. Президенттик башкаруу болсо узурпация болот же бир эле адам түбөлүк президент болуп олтуруп алат деп. Биринчиден, баш мыйзамга бир эле адам үчүнчү ирет президент болуп шайлана албайт деп жазып койсок болот. Экинчиден, жылда курултай көзөмөлгө алып турса, узурпация кыла албайт. Иштей албаса эки-үч жылдан кийин деле отставкага кетирсе боло турган система болот. Ошондо эл көчөгө чыгып, "кетсин" деген ураандар болбой, президент менен парламенттин тагдыры жыл сайын курултайдын тараза ташына түшүп турат. Бири-бирибиз менен эрегишип олтурбай, ушул системага үч айдын ичинде өтүп кетсек болот. Баардык даяр долбоорлор бар. Бир жылдан кийин баардык жактан дүркүрөп өсүү жагына жемишин бере баштайт эле.
Сот системасын бир айдын ичинде реформа жасап койсок болот. Эрк гана керек.
Урматтуу курултайдын катышуучулары!
Бул менин жеке көз карашым, жеке позициям. Беш жылдан бери айтып келе жатам. Сөзсүз ушундай башкаруу система болсун деп жеке көз карашымды таңуулагандан алысмын. Чечимди албетте сиздер кабыл аласыздар. Бирок мен көрүп турган өнүгүү жолуна түшчү, эффективдүү башкаруу системасы ушул.
Убакытты чектеп койгонуңуздарга байланыштуу кыскача оюмду айттым.
Баарыңыздарды терең урматоом менен
Садыр Жапаров.
Уюштуруучулар тарабынан бүгүнкү жыйналышта биздин «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун курултай боюнча көз карашын билдирип коюубузду сураган элеңиздер деген Садыр Жапаровдун атынан сүйлөгөн өкүл төмөнкүлөрдү кошумчалай кетти:
Эми, Урматтуу Курултайдын катышуучулары!!
Мен, 2012 жылы ошол убактагы Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаров башында турган Кумтөр алтын кенин текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык Комиссиянын алдында иштеген жумушчу топтун башчысы болгом. 2011-жылы Сотторду тандоо кеңешинин биринчи чакырылышынын мүчөсү да болгом. Ушул эки олуттуу маселеге токтолуп кетким келет.
Биринчиси, Кыргызстанда уулу жана радиоактивдүү заттар көмүлгөн 92 жай бар. Алардын көпчүлүгү союз убагында пайда болуп бизге мураска калган. Биз алардан бир тыйын пайда көргөн эмесбиз. Тескерисинче ушул күнгө чейин чыгым болуп, акча коротуп келе жатабыз. Мындан ары да коротобуз. Мисалы: 36-сы Майлы-Суу шаарында, Миң-Кушта, Кажы-Сайда жана башка жерлерде жайгашып, алардын жалпы көлөмү 70-80 млн.куб/метрди түзөт. Бул калдыктарды сактоочу жайлар союз убагында баардык технологиялык жана техникалык нормаларды сактоо менен салынганына карабай азыркы учурда жалгыз кана бизге эмес, бүткүл Орто Азия чөлкөмүндө жайгашкан коңшу мамлекеттерге да экологиялык коркунучтуу жагдайды жаратып турат. Буга мисал жакында эле Еврокомиссиянын башкы программалык менеджери Мартин Андерсендин журналисттерге берген басма сөз жыйындагы билдирүүсү боюнча борбор Азиядагы, анын ичиндеги Миң-Куш жана Майлы-Суудагы зыяндуу калдыктар көмүлгөн жайларды эле реабилитациялоого 85млн.долл.керектелет. Азыркы учурда анын 10млн.дол.табылды, эми калган 75млн.долл. табуунун үстүндө ар кайсы донорлор менен иштеп жатабыз деп билдирди.
Эми жалгыз Кумтөр алтын кенинин уулу жана радиоактивтуу заттар көмүлгөн жайынын көлөмү, жогоруда айтылган жайлардын баарысын бириктиргенде бир нече эсе көп экенин эске алсак (1млрд.куб.метрден ашыгырак), анда урматтуу мурдагы премьер-министрибиз Сапар Исаковтун Центерра менен түзгөн акыркы макулдашуусу боюнча рекультивациалык фондунун жалпы коломун 50млн.долл.жеткирдик деп мактаныч катары айткан жүйөсү суу кечпей калды. Эмне дегенде 50млн.долл. же жалпы рудникти рекультивация кылганга, же болбосо уулу жана радиоактивтуу заттар көмүлгөн жайды кошумча бекемдөөгө да жетпей калып жатпайбы. Центерранын өздөрүнүн айтуусу боюнча, азыркы учурда алар уулу жана радиоактивтуу заттар көмулгөн жайды кармап туруу үчүн кана жылына 35млн.долл. сарптап жатышат. Мындан сырткары Кумтөр кенинде жок кылына турган кооптогон, ууланган таштандылар (дөнгөлөктөр, темир тезектер жана башка калдыктар) бар.
Акыркы жылдары Кумтөр кениндеги алтындын запасынын азайышына байланыштуу Центерранын накта уюштуруучулары кийинки жоопкерчиликтен качуу максатында акцияларын сатууну көздөп аракет кылып башташты.
Экинчиси, 2011-жылы Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин «Сот-укуктук маселелер боюнча Комитеттин Торагасы» болуп турган учурда, сот тармагына тиешелуу беш мыйзам иштелип чыгып, күчүнө кирген.
Ушул Мыйзамдардын негизинде жалпы Сот системасы жана судьяларды тандоо Кеңешинин мүчөлөрү иш жүзүндө толук бойдон өз алдынча болуп, калган бийлик бутактарынан көз-карандысыз болуп калган.
Бирок ошол кездеги экс-президент А.Атамбаевдин бийлиги Сот системасын колунан чыгарып жибергенин түшүнүп жогоруда айтылган мыйзамдарды жокко чыгарып, Сот системасын толук бойдон өздөрүнө көз каранды кылып алышкан.
Ошол себептен бүгүнкү соттор бөрк ал десе баш алып,Садыр Жапаров баш болгон 30 дан ашык саясатчыны жалган жалаа менен мыйзамсыз соттошту. Ошондуктан, сот системасын толук бойдон көз карандысыз кылып кайрадан реформа кылышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg